Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Талас облусунун тоолуу райондорунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Эртең менен Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +1…+6
күндүз +6…+11
Талас облусу
түнкүсүн +1…+6
күндүз +5…+10
Баткен облусу
түнкүсүн +3…+8
күндүз +10…+15
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +3…+8
күндүз +10…+15
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +1…+6, 0…-2 (үшүк)
күндүз +6…+11
Нарын облусу
түнкүсүн +1…+6, 0…-2 (үшүк)
күндүз +6…+11
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүзгү жогорку температурасы 6…8° жылуу болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз