18-апрелге карата аба ырайы

18-апрелге карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Талас облусунун тоолуу райондорунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Эртең менен Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +1…+6

күндүз +6…+11

Талас облусу

түнкүсүн +1…+6

күндүз +5…+10

Баткен облусу

түнкүсүн +3…+8

күндүз +10…+15

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +3…+8

күндүз +10…+15

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +1…+6, 0…-2 (үшүк)

күндүз +6…+11

Нарын облусу

түнкүсүн +1…+6, 0…-2 (үшүк)

күндүз +6…+11

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип,  абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүзгү жогорку температурасы 6…8° жылуу болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>