Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Ошто террордук уюмга мүчө болгон эки өзбекстандык кармалды
19.04.2023 | 11:36
Ош облусунда “Тавхид ва жихад катибаси” террордук уюмунун Стамбулдагы ячейкасына тиешеси бар өзбекстандык эки жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, Өзбекстанда издөөдө жүргөн М.З. жана М.Ф. аттуу жарандар 17-апрелде колго түшүрүлгөн.
“Аталган жарандар башка кооптуу өлкөлөргө чыгып кетүү үчүн жасалма документтерди алуу максатында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшкөн”, – деп билдирет УКМК.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси («Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз өтүү») боюнча кылмыш иши козголуп, М.З. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз