Өкмөт Россияга балык, тоок этинин экспортун көбөйтүүгө кызыктар

Өкмөт Россияга балык, тоок этинин экспортун көбөйтүүгө кызыктар

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайык Кыргызстандын азык-түлүк продукцияларын экспорттоо маселеси боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев Россияга балык продукциясын, тоок этин жана сүт азыктарын экспорттоонун көлөмүн жогорулатуу үчүн ЕАЭБдин талаптарына ылайык баардык шарттарды түзүү зарыл экендигин белгиледи.

“Сиздер жакшы билесиздер, экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүү жана негизи эле экспорттун көлөмүн жогорулатуунун үстүндө иш алып баруу Министрлер кабинетинин негизги багыттарынын бири. Экспорт жакшы болсо ишкерлерге мүмкүнчүлүк түзүлөт, экономикада өсүш болуп, бюджет толот. Экспорт боюнча кандай гана маселе жаралбасын, анын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү жана күчөтүү зарыл”, — деди ал.

Жыйындын соңунда Бакыт Төрөбаев ЕАЭБдин техникалык регламентин аткаруу үчүн ички ченемдик укуктук актыларды карап чыгуу, ихтиология боюнча тиешелүү адистерди жана лабораториялардагы адистерди кыска мөөнөттө окутуу, ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү жана өз жумушуна шалаакы мамиле кылган жоопту кызматкерлерге чараларды көрүү тапшырмаларды берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>