Араван — Ак-Буура каналын оңдоого 17,8 млн евро насыя алынат

Араван — Ак-Буура каналын оңдоого 17,8 млн евро насыя алынат

Бүгүн, 19-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “2022-жылдын 8-июлунда Лондон шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы  “Кыргызстанда климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргызстанда климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Белгилей кетсек, аталган макулдашуу Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорундагы Араван — Ак-Буура каналын модернизациялоого жана реконструкциялоого багытталган.

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 21 миң гектарга жакын жер аянтын суу менен камсыздоо жакшыртылат. Тагыраагы, мерчемделген планды ишке ашыруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы суммасы 17 870 000 евро бөлүнүп берилет, анын ичинен кредиттик келишимге ылайык – 14 130 000 евро, гранттык макулдашууга ылайык – 3 740 000 евро каралган.

Кредиттик каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөттө, өзгөрүлмө пайыздык чен менен алынат.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>