(Сүрөт: В. Ушаков)
Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Таласта жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +2…+7
күндүз +15…+20
Талас облусу
түнкүсүн +1…+6
күндүз +14…+19
Баткен облусу
түнкүсүн +5…+10
күндүз +20…+25
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +5…+10
күндүз +20…+25
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +1…+6
күндүз +10…+15
Нарын облусу
түнкүсүн +1…+6
күндүз +11…+16
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетип, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 2…4, күндүзгү жогорку температурасы 15…17. болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз