21-апрелге карата аба ырайы

21-апрелге карата аба ырайы
(Сүрөт: В. Ушаков)

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Таласта жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.  Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +2…+7

күндүз +15…+20

Талас облусу

түнкүсүн +1…+6

күндүз +14…+19

Баткен облусу

түнкүсүн +5…+10

күндүз +20…+25

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +5…+10

күндүз +20…+25

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +1…+6

күндүз +10…+15

Нарын облусу

түнкүсүн +1…+6

күндүз +11…+16

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетип, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 2…4, күндүзгү жогорку температурасы 15…17. болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>