«Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна курула турган маданий борбор кандай болотБШК Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановду мандатынан ажыраттыЕЭК жана Россиянын Транспорт министрлиги темир жол контейнердик ташууларын санариптештирүүгө киришип жатат2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ ичиндеги өз ара соода 95 млрд долларга жеттиБишкекте кыздарды баңгизат колдонууга азгырууга шектелген жаран кармалдыБишкек Масленица майрамын белгилөөгө даярданууда
Суучулдар Ысык-Көлдүн түбүн тазалашты – видео
29.04.2023 | 09:00
ӨКМдин суучулдары Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган тилкелеринде таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо ишин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 47 күндө көлдүн түбүнөн 3700 кг ар кандай таштанды жана 47 000 метр тор чыгарышты. Учурда Ысык-Көлдүн 50 530 гектардан ашык аянты тазаланды.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан арылтуу иш-чарасы 12-марттан бери масштабдуу түрдө жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом