Нарында биринчи жолу кан тамырларды изилдеген ангиограф аппараты ишке киретКРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып бердиОшто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилдиТаш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылды
Суучулдар Ысык-Көлдүн түбүн тазалашты – видео
29.04.2023 | 09:00
ӨКМдин суучулдары Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган тилкелеринде таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо ишин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 47 күндө көлдүн түбүнөн 3700 кг ар кандай таштанды жана 47 000 метр тор чыгарышты. Учурда Ысык-Көлдүн 50 530 гектардан ашык аянты тазаланды.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан арылтуу иш-чарасы 12-марттан бери масштабдуу түрдө жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом