Айыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады
Битир-садакадан канча акча чогулганы айтылды
02.05.2023 | 20:00
Быйыл өлкө боюнча 53 млн 824 миң 441 сом өлчөмүндө битир-садака топтолду. Анын 657 миң 881 сому “РСК Банк”, 900 миң 557 сому “Мбанк” аркылуу жыйналды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
БТК төрагасы Бакыт Нурдинов билдиргендей, топтолгон каражаттын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерге ( 30 млн 681 миң 82 сом), 15 пайызы хатибияттарга (5 млн 785 миң 835 сом), 15 пайызы казыяттарга (8 млн 514 миң 956 сом), калган 10 пайызы муфтиятка (5 млн 167 миң 49 сом) бөлүндү.
Битир-садака жергиликтүү мечиттер, хатибияттар, казыяттар, ошондой эле муфтият тарабынан муктаждарга таратылып берилүүдө.
Белгилей кетсек, өткөн жылы 42 млн 247 миң 328 сом битир-садака каражаты топтолгон. Мындан сырткары, интернет банкинг аркылуу 256 миң 800 сом жыйналган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом