Ажыларды коштоочу дарыгерлерге түшүндүрүү иштери жүрдү

Ажыларды коштоочу дарыгерлерге түшүндүрүү иштери жүрдү

Ажыларды коштоп баруучу дарыгерлерге жыйын уюштурулуп, зыяраттын шарттары боюнча маалымат берилди. Бур тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, жыйында ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын (УРШ) төрагасы Самидин кары Атабаев ажылык сапарындагы талаптар жана ибадаттын шарттары боюнча маалымат берди.

«Алла Таала өзү сүйгөн пенделерин ажылыкка чакырат. Миңдеген ак халатчан дарыгерлердин ичинен сиздердин бара жатканыңыздар кокустук эмес. Жараткан жар болуп, ажыларыбыздын саламаттыгы чың, ден соолугу бекем болуп, кыйынчылыкка кириптер болбой, аман-эсен барып келүүнү буюрсун. Ал жакта бейтаптар менен эмес, ажылык ибадаты менен алек болушту жалпыңыздарга насип этсин», – деди УРШ төрагасы өз сөзүндө.

Эскерте кетсек, ажыларга кызмат кылуучу 20 врач саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бөлүнүп берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ажылык-2023

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>