Быйыл Кыргызстан январь-март айларында Өзбекстандан 322 жүк ташуучу унаа сатып алган. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, быйыл үч айда Өзбекстан алты өлкөгө 5,1 млн долларга 471 жүк ташуучу унаа саткан. Ал былтыркы жылдын январь-март айына караганда 377ге көп.
Өзбекстандан жүк ташуучу унаа сатып алган өлкөлөрдүн сап башында Кыргызстан турат:
— Кыргызстан – 322,
— Казакстан – 122,
— Азербайжан – 14,
— Тажикстан – 10.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз