КРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып бердиОшто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилдиТаш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылдыКыргызстанда калкка сатылуучу көмүрдүн баасына 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди
Таласта мас айдоочу өспүрүмдү сүзүп, качып кеткен
20.05.2023 | 12:52
Таласта өспүрүмдү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Милициядан билдиришкендей, 16-майда Айтматов районунда белгисиз айдоочу өспүрүмдү сүзүп, качып кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Жаракат алган өспүрүм ооруканага жеткирилген.
Аталган факт каттоого алынып, окуя жерине тергөө-ыкчам тобу барган. Айдоочуну кармоо үчүн ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүп, шектүү катары 48 жаштагы Б.Ж. аттуу жаран кармалган.
“Текшерүү учурунда анын жол кырсыгына тийиштиги бар экендиги жана “Фольксваген Пассат” унаасын мас абалында башкарып келе жаткандыгы аныкталган”, – деп билдиришти милициядан.
Айдоочунун унаасы айып аянтчасына токтотулган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз