Кыргызстанда алгачкы венчурдук фонддордун бири — SCP Venture Fund ишин баштадыКара-Суу районунда декабрда жаңы базар курула баштайт — ТуманбаевУКМК баңгизат ташуу каналын уюштурган топту аныктап, бир жаранды кармадыБаатыр энелердин пенсиясына үстөк акы 1 миңден 5 миң сомго чейин көбөйөтОшМУ менен Италиянын Кассино жана Түштүк Лацио университети кызматташатАУРВА: криптоиндустрия үчүн эрежелерди түшүнүктүү жана ачык кылуу керек
Кыргызстан үч айда Өзбекстандан 322 жүк ташуучу унаа сатып алган
20.05.2023 | 12:34
Быйыл Кыргызстан январь-март айларында Өзбекстандан 322 жүк ташуучу унаа сатып алган. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, быйыл үч айда Өзбекстан алты өлкөгө 5,1 млн долларга 471 жүк ташуучу унаа саткан. Ал былтыркы жылдын январь-март айына караганда 377ге көп.
Өзбекстандан жүк ташуучу унаа сатып алган өлкөлөрдүн сап башында Кыргызстан турат:
– Кыргызстан – 322,
– Казакстан – 122,
– Азербайжан – 14,
– Тажикстан – 10.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз