Бишкекте баңгизат таратууга шектелип 19 жаштагы жигит кармалдыОш облусунун экс-губернатору кармалып, СИЗОго киргизилдиУлуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМамлекеттик органдарга каттарды кагаз түрүндө кайталоону токтотуу сунушталдыДастан Бекешев кыймылсыз мүлк менен болгон келишимдерге өзүнө-өзү тыюу салууну киргизүүнү сунуштадыМанас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөт
Блогер Улукбек Карыбек уулу айыпка жыгылды (видео)
22.05.2023 | 17:27
Блогер Улукбек Карыбек уулуна жол эрежесин бузгандыгы үчүн 16 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу блогер өзү социалдык тармактарда билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга блогердин унаасы менен карама-каршы тилкеге чыгып, коопсуздук курун тагынбаганы тартылган видео тараган.
Анын айтымында, жол эрежесин бузганы үчүн ал айып пул төлөө үчүн Милициянын кайгуул кызматкерлерин чакырган.
Ага карама-каршы тилкеге чыкканы үчүн 15 миң сом жана кур тагынбаганы үчүн 1 миң сом айып пул салынган. Ал 1 миң сомдук айып пулду 30 күн ичинде 70%дык жеңилдик менен төлөй алат. Ал эми карама-каршы тилкеге чыкканы үчүн андай жеңилдик каралган эмес.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом