Бишкектеги Тула көчөсүнүн тургундары жол иштерине нааразы болушту — бийликтин жообу28-октябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтБишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТ
Бишкекте унаа айдап качкан шектүүлөр кармалды – видео
22.05.2023 | 18:06
Бишкекте унаа айдап качууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-майда милицияга М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 18-майга караган түнү белгисиз адамдар Honda Fit унаасын уурдап кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдап качуу) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 19 жаштагы Ж.А. жана 20 жаштагы М.Д. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Уурдалган унаа табылып, ээсине кайтарылган.
Милициядан билдиришкендей, учурда шектүүлөрдүн дагы башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз