Ооганстан менен Пакистандын чек арасында куралдуу кагылышуу болдуПрезидент парламенттик шайлоодо миң үгүтчү жалдоого уруксат берүү маселеси боюнча пикирин айттыКытайлык көз дарыгерлери Кыргызстандын түштүгүндө акысыз операцияларды жасашатКыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалды
Бишкекте унаа айдап качкан шектүүлөр кармалды – видео
22.05.2023 | 18:06
Бишкекте унаа айдап качууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-майда милицияга М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 18-майга караган түнү белгисиз адамдар Honda Fit унаасын уурдап кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдап качуу) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 19 жаштагы Ж.А. жана 20 жаштагы М.Д. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Уурдалган унаа табылып, ээсине кайтарылган.
Милициядан билдиришкендей, учурда шектүүлөрдүн дагы башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз