Бишкекте маршруттук унаа кырсыктап, жүргүнчүлөр терезеден ыргып кетти. Окуянын видеосу

Бишкекте маршруттук унаа кырсыктап, жүргүнчүлөр терезеден ыргып кетти. Окуянын видеосу

Бүгүн, 22-майда Бишкекте Mercedes-Benz Sprinter менен Hyundai Sonata унааларынын катышуусунда жол кырсыгы болду. Окуянын видеосу соцтармактарга чыкты.

Милициянын кайгуул кызматы билдиригендей, жол кырсык Тыналев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 12:40та болгон. №135 каттамдын (Mercedes-Benz Sprinter) унаасы Масалиев көчөсү менен батыштан чыгышты көздөй жатып, солго кайрылып жатканда, аны Hyundai Sonata унаасы сүзгөн. Анын айынан кичи автобуста келе жаткан үч жүргүнчү жана Hyundai Sonata унаасынын айдоочусу жабыркаган.

Окуянын күбөлөрү буга чейин билдиргендей, эки унаа кагылышканда Mercedes-Benz Sprinter унаасында келе жаткан үч жүргүнчү терезеден сыртка ыргып кеткен. Видеодон көрүнгөндөй, Hyundai Sonata Mercedes-Benz Sprinter’ди сүзгөндө терезеден эки киши ыргып кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>