Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
«Мадина» базарындагы сегиз кафеге айып пул салынды
24.05.2023 | 19:14
Бишкектеги “Мадина” базарындагы бир катар кафелерге санитардык нормаларды сактабаганы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгы билдирди.
Мекемеден билдиришкендей, санитардык эскертүүдө көрсөтүлгөн иш-чаралардын толук аткарылбаганы үчүн коомдук тамактануу жайларында 8 объекттин жооптуу кызматкерлерине административдик укук бузуу боюнча 8 протокол түзүлдү.
Ошондой эле, укук бузуу үчүн административдик жаза колдонуу боюнча 8 токтом чыгарылды.
Салынган айыптардын жалпы суммасы 114 миң сомду түздү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика