Эмгек министрлиги менен «Яндекс» компаниясы меморандумга кол коюшту

Эмгек министрлиги менен «Яндекс» компаниясы меморандумга кол коюшту

Москвада Кыргызстандын Эмгек жана социалдык камсыздоо министри Кудайберген Базарбаев менен “Яндекс такси” компаниясынын башкы директору Александр Аникин социалдык жана билим берүү долбоорлорун өнүктүрүү жана платформада ишке орноштуруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

Меморандум кыргызстандык интернет колдонуучуларга санариптик көндүмдөрүн Россиянын жана КМШнын эмгек рыногундагы учурдагы талаптарга, программалоонун негизги көндүмдөрүнөн баштап санариптик маркетингге жана IT бизнестин башка чөйрөлөрүнө чейин жакшыраак адаптациялоого жардам бере турган биргелешкен демилгелерди камтыйт.

Мындан тышкары, тараптар таксилерди гана эмес, логистиканы да активдүү өнүктүрүп жаткан өнөктөштөргө багытталган социалдык долбоорлордо биргелешкен демилгелерди макулдашты.

Эмгек министрлиги чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча ар кандай иш-чараларды жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө Яндекс-Таксиде иштегендердин 27% Кыргызстандан барган эмгек мигранттары. Бүгүн кол коюлган келишимге ылайык, Яндекс Go кызматы жарандарыбыздын расмий ишке орношуусуна көмөк көрсөтөт”, — деди Кудайберген Базарбаев.

Жолугушууда “Яндекс” бир нече жылдан бери Кыргызстандын өнөктөштөрү менен жемиштүү иштешип, жаңы долбоорлорду баштоону улантып жатканы айтылды. Маселен, быйылкы жылдан бери өлкөдө Yandex Go кызматы аркылуу саякаттарда колдонуучулар жана айдоочулар үчүн өмүрдү жана ден соолукту камсыздандыруу программасы иштеп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>