Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобундагылардын кармалышынын видеосу

Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобундагылардын кармалышынын видеосу

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн кармалышынын видеосу менен бөлүштү.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалганын билдирген.

Маалыматка караганда, алар көп жылдар бою, Кытайдан жүк ташыган ишкерлер менен жарандардын товарларын тартып алуу менен алектенип келишкен.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында, 23-майда, Бишкекте жана Чүйдө Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү «Алтуха» деген  каймана аты бар А.И., А.К., «Протез» каймана аты бар А.Ш. жана «Кения» каймана аты менен белгилүү К.Т. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

«Аталган адамдар алдамчылык жолу менен жеке менчик транспорттук-логистикалык компаниядан болжол менен жалпы суммасы 385 миң доллар болгон эл керектөөчү товарды тартып алышканы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттери тууралуу атайын кызматка кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>