Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Абактагы Равшан Жээнбековдун жубайы эки айга камалды
26.05.2023 | 23:45
Бүгүн, 26-майда Бишкектин Биринчи Май соту саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаеванын баш коргоо чарасын тандады.
Соттун чечимине ылайык, ал 24-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.
Буга чейин адвокат Разак Ашымбаев Алимбаева Бишкектеги эки жерди мыйзамсыз басып алган деген шек менен кармалганын билдирген.
Анын айтымында, бул жер тилкелери мэрия тарабынан туура эмес сатылган.
Аны УКМК 25-майда 12:00 кармалганын укук коргоочу Азиса Абдирасулова билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат