Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
УКМК Равшан Жээнбековдун жубайын СИЗОдо калтырды
25.05.2023 | 22:09
Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева кармалып, УКМКнын СИЗОсунда калтырылды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиса Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтканына караганда, бүгүн, 25-майда 12:00 кармалган. Адвокат менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилген жок.
Буга чейин анын уулу Азат Равшан социалдык тармактагы баракчасы аркылуу апасын УКМК кармап кеткенин, жанын жактоочусу жок экенин жазган болчу. Азырынча эмне себептен кармалганы ачыктала элек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат