Бишкекте 17 жана 23 жаштагылар арасында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде дагы эки грек-рим балбаны Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
11-июнда, мелдештин экинчи күнүндө грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 17 жашка чейинки балбандар арасында таймаштар өттү. Балбан жигиттер менен кыздар үчтөн медаль утту.
Эскерте кетсек, аталган Азия биринчилиги 10-июнда башталган, 18-июнда бүтөт. Мелдештин биринчи күнүндө 4 балбан медаль тагынган. Алардын ичинен эки балбан алтын утуп, Азия чемпиону атанган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз