U17: Кыргызстандык эки балбан Азия чемпиону болду

U17: Кыргызстандык эки балбан Азия чемпиону болду

Бишкекте 17 жана 23 жаштагылар арасында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде эки грек-рим балбаны Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Аталган мелдеш 10-июнда 17 жашка чейинки балбандар арасындагы таймаштар менен башталды.

Жарыштын биринчи күнүндө кыргызстандык балбан 4 медаль тагынды. 45 кг салмакта Марлен Абдысаматов жана 60 кг салмакта Сабит Шамшединов алтын байге утуп, Азия чемпиону болушту. Ошондой эле, 51 кг салмакта Ырысбек Хамдамов күмүш медаль утту. Андан тышкары, 110 кг салмакта Таласбек Бообеков коло байге алды.

Эскерте кетсек, аталган Азия чемпионаты 18-июнда аяктайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>