Сүрөткө түшөм деп сууга агып кеткен адамдын сөөгү табылды

Сүрөткө түшөм деп сууга агып кеткен адамдын сөөгү табылды

Жалал-Абадда сууга агып кеткен жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 10-июнь күнү Бишкек — Ош автоунаа жолуна жакын жайгашкан Итагар жайлоосуна 3-4 үй-бүлө эс алууга келишкен.

Cуу боюнда сүрөткө түшүп жатып, таштын үстүнөн сыйгаланып жыгылып, Итагар суусунан 40 жаштагы Т.К. аттуу адам сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Токтогул району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, Итагар суусунун жээгинде болжол менен 10 чакырымдай аралыкта издөө иштери жүргүзүшүп, кеч кирип кеткендигине байланыштуу жумуш убактылуу токтотулган.

11-июнда кайрадан издөө иштери куткаруучулар тарабынан улантылып, саат 09:30да аталган жарандын сөөгүн таап, РИИБнин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>