Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Бишкекте маршрутканын айдоочусу эсин жоготуп, мамыны сүздү (видео)
16.06.2023 | 15:11
Бишкекте №132 каттамдагы кичи автобустун айдоочусу эсин жоготуп, темир мамыны сүздү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык Манас проспектиси менен М.Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. “Мерседес-Бенц Спринтер” унаасы жол чырактын кызыл белгисине токтоп турганда, 53 жаштагы Ш.Т. аттуу айдоочу эсин жоготуп, унаасы ордунан жылып, жол боюндагы темир карагайды сүзүп токтогон.
“Натыйжада жети жүргүнчү жабыркаган. Бул окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө”, – деп билдиришти кайгуул кызматынан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз