Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Ошто тургундан акча опузалаган кылмыштуу топ кармалды (видео)
03.07.2023 | 11:06
Ошто тургундан акча опузалоого шектелип кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 27 жаштагы К.А. уулу жана 28 жаштагы Ч.Ж. уулу аттуу жарандар Кара-Суу районунун А.С. аттуу тургунун коркутуп, 30 миң сом опузалаган. Ошондой эле ай сайын 15 миң сом берип турууну талап кылган.
29-июнда шектүүлөр Ош шаардык милиция жана УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.
“Учурда кылмыштын уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат”, – деп билдиришти УКМКдан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз