Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Нарында айдоочу экскаватор менен дарыяга кулап кеткен
03.07.2023 | 12:25
Нарын дарыясына экскаватор менен кирип кеткен адам изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, 2-июнда болжол менен саат 15:22де ӨКМге Куланак насостук станциясынын башкы курулмасындагы суу бөлүштүргүчтө иштеп жаткан экскаватор 68 жаштагы Ө.Ү. аттуу айдоочусу менен Нарын дарыясына кулап, шар сууга кирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерине куткаруучулар, атайын техникалар тартылган. Түн кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери токтотулган.
Бүгүн, 3-июлда издөө иштери жанданып, ага 19 куткаруучу, суу чарба башкармалыгынан 25, милициядан 5 адам жана 10 атайын техника тартылган.
Издөө иштери тууралуу кийинчерээк кошумча маалымат берилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз