Таласта аялын сабап өлтүргөн МАИ кызматкерине өкүм чыкты (видео)

Таласта аялын сабап өлтүргөн МАИ кызматкерине өкүм чыкты (видео)

Талас шаардык жана облустук соту аялын сабап өлтүрүүгө айыпталган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерин 12 жыл 6 айга эркинен ажыратты.

Жогорку соттун өкүмүндө айтылгандай, эки инстанциядагы соттун чечими менен Ж.А.К. аттуу айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин («Адам өлтүрүү») 2-бөлүгүнүн 7-пункту («Өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү») боюнча күнөөлүү деп табылган.

Окуя 2021-жылы 28-декабрда болгон. Анда 1992-жылы туулган келиндин каза болуп, денесин кароо учурунда уур-токмоктун издери бар экени такталган. Кийинчерээк кылмышка шектелип маркумдун күйөөсү кармалган. Шектүү 1988-жылы туулган Ж.А.К. Талас ОИИБдин жол кайгуул кызматкери экени белгилүү болгон. Ал аялын кызганычтын улам сабаганы белгилүу болгон. Кийинчерээк МАИ кызматкеринин аялын сабап жатып өлтүргөн видеосу чыккан.

Видеобайкоого тартылган кадрдан инспектор кызматтык унаасы менен үйдүн короосуна кирери менен жубайын уруп, тепкилеп жатканын көрүүгө болот. Сабалган аял үйүндө жатып эртеси таңга жуук каза болуп калган.

Жогорку сот мурунку инстанциялардагы соттун чечимдерин өзгөртүп, соттолуучунун СИЗОдогу бир күнүн эки күн деп эсептөө чечимин чыгарды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от REPORTER.KG (@reporter_kyrgyz)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>