Ош – Кашкар багыты боюнча түз авиакаттам ачылдыКыргызстандын агроэкспортунун үлүшү бир жылда 8,8%дан 13,3%га өстүТүшүнүксүз жагдай жана ишенимге олуттуу доо кетирүү — КР ТИМи Евробиримдиктин санкциялары тууралууКадамжайда мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелгендер кармалдыКабмин бизнести колдоонун 2030-жылга чейинки программасын чукул бекитүүнү тапшырдыКыргызстандын президенти ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлерин кабыл алды
Бишкектин башкы планын тактоого 31 млн сом сарпталат
11.07.2023 | 17:40
Келерки жылы шаар куруу документтерин иштеп чыгууга 65 миллион сом жумшалат. Мындай маалыматтар Бишкек шаарын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2025-2026-жылдарга болжолун ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында жарыяланган.
Акча тышкы донорлордон тартылары белгиленген. Жооптуу аткаруучу жеке турак-жай курулуш департаменти болот.
65 миллион сомдун 31 миллион сому Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын тактоого бөлүнөт. Калган 34 миллион сом ордо калаанын социалдык-экономикалык жана мейкиндик өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга жумшалат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом