Майлуу-Сууда милиция эки жаранды 10 кг баңгизат менен кармады

Майлуу-Сууда милиция эки жаранды 10 кг баңгизат менен кармады

Майлуу-Суу шаарында милиция эки жаранды 10 кг баңгизат менен кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардык милициянын Баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Майлуу-Сууда «Кара куурай» ыкчам иликтөө иш-чарасы өткөрүлгөн. Иш-чаранын жүрүшүндө шаар аймагында эки кылмыш ишинин бети ачылган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция тарабынан эки жаран мыйзамсыз баӊгизат сактап жүргөндүгү тууралуу маалыматтар алынган.

Бул фактыларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-283-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

«Майлуу-Суу шаардык милициянын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары 1971-жылы туулган К.А. жана 1989-жылы туулган И.И. аттуу шаар тургундары кармалып, алардан жалпы салмагы 10 килограммдан ашуун баӊгизаты алынган. Жүргүзүлгөн соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат марихуана бангизаты экендиги аныкталган», — деп билдиришти милициядан

Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>