Видео: Бишкекте шектүү уурдалган тапанчаны кайда катканын көрсөттү

Видео: Бишкекте шектүү уурдалган тапанчаны кайда катканын көрсөттү

Бишкек шаардык милициянын ыкчам кызматкерлери батирлерде уурулук менен алектенген шектүүнү кармады. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-апрелде Октябрь райондук милициясына Р.Б. аттуу жаран кайрылып, 10-15-апрель аралыгында «Рухий-Мурас» конушундагы үйүнө уурулар киргенин билдирген. Белгилүү болгондой, уурулар үйгө терезе аркылуу кирип «МР 80-13Т» 45-RUBBER маркасындагы травматикалык тапанчаны эки магазин патрону менен уурдап кетишкен.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция бул ишке шектүү катары 40 жаштагы Г.А. аттуу жаранды кармап, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, уурдалган тапанча Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылынан, арыктын жанындагы плитанын алдынан табылып алынган.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталган. Экспертизалар дайындалдып, тергөө иштери улантылууда.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0559 102 855 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>