Москвада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдүС 2026-жылдан тартып Кыргызстандагы соттор санариптик тартипте иштей баштайтУлуттук Инвестициялар Агенттиги: «Хуа Руй» автоклавдык газобетон заводу ишке берүүгө дээрлик даярБишкекте кыймылсыз мүлккө болгон баалардын төмөндөшү катталдыКыргызстанда жогорку класстардын окуучулары үчүн эркин республикалык тестирлөө өткөрүлөт
Кыргызстан текстиль тармагында Италия менен кызматташат
19.07.2023 | 11:30
Инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев Италия-Россия соода-өнөр жай палатасынын президенти Фернандо Пелаццо менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушууда Пелаццо Италияда жасалган текстиль дүйнөлүк рынокто чоң суроо-талапка ээ экенин баса белгиледи. Ал эми бул багытта Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүү жана биргелешкен ишканаларды түзүү каалоосун билдирди.
Текстиль экспортун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Жээналиев белгилегендей, Кыргызстан италиялык компаниялар менен инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даяр.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз