«Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна курула турган маданий борбор кандай болотБШК Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановду мандатынан ажыраттыЕЭК жана Россиянын Транспорт министрлиги темир жол контейнердик ташууларын санариптештирүүгө киришип жатат2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ ичиндеги өз ара соода 95 млрд долларга жеттиБишкекте кыздарды баңгизат колдонууга азгырууга шектелген жаран кармалдыБишкек Масленица майрамын белгилөөгө даярданууда
Ысык-Көлдө талмасы кармаган аялга милиционерлер жардам берди
19.07.2023 | 16:42
Ысык-Көл облусунда коомдук коопсуздук камсыздап жүргөн кызматкерлер “Алтын-Кум” эс алуу жайында талмасы кармап, эс-учун жоготуп койгон аялга жардам беришти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен облусунун 65 жаштагы тургуну эс-учун жоготуп жатып калганда кызматкерлер келип, биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Тез жардам кызматынын кызматкерлери полктун кызматкерлери өз убагында туура медициналык жардам көрсөткөндүгүн айтышып, адам өмүрүн сатап калышканы үчүн ыраазычылык билдиришкен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом