Грузияда туристтер үчүн салык киргизүү пландалууда

Грузияда туристтер үчүн салык киргизүү пландалууда

Грузияда туристтер үчүн салык киргизүү пландалууда Грузиянын туризмди өнүктүрүү институту чет элдик туристтерден мейманканада жайгашуусу үчүн күнүмдүк акы алууну сунуштады, деп билдирет Trend.

Чогулган каражат жергиликтүү муниципалитеттердин бюджетине шаарларды жана айылдарды өнүктүрүүгө багытталат. Батуми менен Кобулетидеги мейманканалардын сурамжылоосуна ылайык, бул идеяны респонденттердин 52 пайызы кубаттайт. Мейманкана ээлери мындай төлөм туризм тармагынын туруктуу өнүгүшүнө салым кошот деп эсептешет.

«Сунушталган салыкты туристтер мейманканада турганда гана төлөп, анын каржылык жүгүн мейманкана ээлери же операторлор көтөрбөйт. Мисалы, мейманканада эс алуунун баасы суткасына 100 лари болсо, туристтик салык 1 ларини түзөт. Мындан улам турист бир суткасына  101 лари төлөйт», — деп түшүндүрдү Грузиянын Туризм институтунун аткаруучу директору Мамука Бердзенишвили.

Ал кошумчалагандай, эгер бул төлөм, мисалы, Батумиде, мейманканалардын жана туристтердин санынын көбөйүшү менен киргизилсе, жергиликтүү бюджетке кошумча 4-6 миллион лари түшүшү мүмкүн. Грузиянын Туризм институту бул демилгени киргизүү муниципалитеттер үчүн ыктыярдуу болорун белгиледи. Ошондой эле салыктын чегин, төлөмдүн көлөмүн жергиликтүү бийлик аныктай алат.

“Жаңы тажрыйбаны киргизгенден кийин келип чыгышы мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерди толугу менен жок кылуу үчүн процесс көп убакытты талап кылат, балким, бир же эки жыл”, — деп түшүндүрүштү Грузиянын туризм секторунун өкүлдөрү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>