Ысык-Көлдө «Мейкин Азия» III эл аралык фестивалы өтөт

Ысык-Көлдө «Мейкин Азия» III эл аралык фестивалы өтөт

Чолпон-Ата шаарында 18-20-август күндөрү популярдуу музыка аткаруучулардын “Мейкин Азия” III эл аралык Ысык-Көл фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, фестиваль Кыргызстанды дүйнөлүк маданий жана туристтик мейкиндикке интеграциялоого багыт алып, келечекте популярдуу музыка аткаруучулардын башын бириктирген ири аянтчага айланат.

Азия жана Европа өлкөлөрүнүн мыкты аткаруучулары, ошондой эле Казакстан, Түркия, Россия, Түштүк Корея, Кытайдан мейман катары келген эстрада жылдыздары улуттук жана дүйнөлүк хит ырларды тартуулайт.

Эл аралык фестивалдын максаты маданияттардын диалогу аркылуу маданий мурастарды өнүктүрүү жана сактоо, таланттуу жаш аткаруучуларды табуу жана колдоо, Кыргызстандын туристтик потенциалын өнүктүрүү болуп саналат. Фестивалга 18 жаштан 35 жашка чейинки жаш аткаруучулар катыша алат.

Кыргызстындын атынан фестивалга катышуу үчүн, улуттук тандоо тур 24-июль күнү Т. Сатылганов атындагы филармониясында өтүп, тандоо турунан өткөн 3 катышуучу фестивалга жолдомо алат.

“Мейкин Азия” III эл аралык Ысык-Көл фестивалы биринчи жолу 2013-жылы өтүп, баш байгени казакстандык Димаш Кудайберген жеңип, фестиваль ага алгачкы популярдуулукту алып келген.  Бул жолку фестиваль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп, ал Министрлер кабинети, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Улуттук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан колдоого алынууда.

Фестивалдын программасы:

18-август саат 20:30 — “Мейкин Азия” фестивалынын расмий ачылыш салтанаты жана сынактын биринчи күнү орун алат. Анда катышуучулар эне тилиндеги ырларды улуттук салттуу кийимдер менен аткарышат;

19- август саат 20:30 – Фестивалдык сынактын экинчи күнү өтүп, дүйнөлүк хит ырлар жаңырат;

20-август күнү саат 20:30 — “Мейкин Азия” фестивалынын гала -концерти жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>