Ысык-Көлдө 4 тургун экстремисттик идеялардан баш тартты, – УКМК

31.07.2023 | 09:05

Ысык-Көл облусунда 4 тургун «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун экстремисттик идеяларынан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

«Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, 13-июлда сот тарабынан тыюу салынган аталган диний-экстремисттик уюмдун жактоочулары – Т.У.Т., С.С.Б., К.Т.К. жана Т.А.А. өзүлөрүнүн мурда тандап алган диний багытынын туура эместигин түшүнүп, экстремисттик идеялардан баш тартты», – деп айтылат маалыматта.

Алар жарандарды бул диний-экстремисттик уюмдун тарапташтарынын мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого үндөгөн.

[image_carousel source=”media: 195118,195117,195116,195115″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Scroll to Top