Ысык-Көлдө 4 тургун экстремисттик идеялардан баш тартты, — УКМК

Ысык-Көлдө 4 тургун экстремисттик идеялардан баш тартты, — УКМК

Ысык-Көл облусунда 4 тургун «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун экстремисттик идеяларынан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

«Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, 13-июлда сот тарабынан тыюу салынган аталган диний-экстремисттик уюмдун жактоочулары – Т.У.Т., С.С.Б., К.Т.К. жана Т.А.А. өзүлөрүнүн мурда тандап алган диний багытынын туура эместигин түшүнүп, экстремисттик идеялардан баш тартты», — деп айтылат маалыматта.

Алар жарандарды бул диний-экстремисттик уюмдун тарапташтарынын мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого үндөгөн.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>