Видео: Болгариялык балбан Акжол Махмудовду беттешке чакырды

Видео: Болгариялык балбан Акжол Махмудовду беттешке чакырды

Болгариялык балбан Айк Мнацаканян кыргызстандык спортчу Акжол Махмудовду беттешке чакырды. Бул тууралуу ал 29-июлда Владикавказда (Россия) өткөн Poddubny Wrestling League-5 мелдешиндеги беттешинен кийин билдирди.

Аталган мелдеште Мнацаканян россиялык Сергей Степановду жеңип алды. Таймаштан кийин ал Акжол Махмудовду беттешке чакыргысы келип жатканын айтты.

«Акжол Махмудовду беттешке чакыргым келет. Анын күйөрмандары ал мени «оңой эле жеңип алат» деп ойлошот. Мени менен күрөшүү бир дагы балбанга оңойго турбайт», — дейт ал.

Алып баруучунун «Акжол Махмудовду жеңип ала тургандай кандай сапаттарыңды айта аласың?» деген суроосуна мыйндайча жооп берди: «Менин арсеналымда көп деле ыкмаларым жок. Менин мүнөзүм бар. Мен акыркы секунддарга чейин күрөшөм. Эч качан багынып бербейм».

Эскерте кетсек, Акжол Махмудов менен Айк Мнацаканян эки ирет күрөшкөн. Биринчи беттеште — 2021-жылы Киевде өткөн мелдеште Акжол Махмудов болгариялык балбанды 9:1 эсебинде утуп алган.

Кийинчерээк, 2022-жылы эки балбан Болгариядагы Dan Kolov — Nikola Petrov рейтингдик турниринде кез келген. Анда Айк Мнацаканян Махмудовду 4:2 эсебинде утуп алган. Бирок ал беттеште Айк Мнацаканяндын ороңдоп күрөшкөнү, калыстардын талаш жараткан чечими спорт күйөрмандарынын нааразычылыгын жараткан. Бул боюнча Кыргызстандын күрөш федерациясы Дүйнөлүк күрөш уюмуна кайрылган.

Ал эми эки спортчунун спорттогу жетишкендиктерине келсек, Акжол Махмудов (77 кг) — Олимпиада жана Азия оюндарынын күмүш байге ээси, Азиянын үч жолку чемпиону. Андан тышкары, бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байге ээси.

Айк Мнацаканян Дүйнө жана Европа чемпионаттарында эки жолудан коло байге уткан (анда 72 кг салмакта күрөшкөн). Ошондой эле, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байге ээси болгон.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>