Ош облусунун экс-губернатору кармалып, СИЗОго киргизилдиУлуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМамлекеттик органдарга каттарды кагаз түрүндө кайталоону токтотуу сунушталдыДастан Бекешев кыймылсыз мүлк менен болгон келишимдерге өзүнө-өзү тыюу салууну киргизүүнү сунуштадыМанас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөтЖК комитети Маматкановдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин жактырды
Көк бөрү боюнча президенттин кубогу Ош облусунда өтөт
04.08.2023 | 15:00
Быйыл көк бөрү боюнча президенттин кубогу Ош облусунда өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев билдирди.
Анын айтымында, ага канча команда катышары азырынча белгисиз.
“Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө кубогу 20-августта аяктайт. Андан кийин командалар оюнчулардын жана аттардын абалына жараша чечим чыгарышат. Ошто өтө турган президенттин кубогу 24-августта башталат, ал эми финалдык беттеш 31-августта өтөт”, – деди ал.
Эскерте кетсек, көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө кубогу 13-августтан 20-августка чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Венгрия, Россия, Түркия жана АКШдан клубдар катышат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом