«Ала-Арча» көрүстөнүндө Омор Султановдун эстелиги ачылды

«Ала-Арча» көрүстөнүндө Омор Султановдун эстелиги ачылды

Бүгүн, 4-августта Бишкектеги «Ала-Арча» тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргызстандын эл акыны, ll жана lll даражадагы Манас орденинин ээси, залкар акын Омор Султановдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага маданият министри Алтынбек Максутов, Кыргызстандын эл жазуучулары, эл акындары, көрүнүктүү маданият ишмерлери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер жана жакындары катышкан.

«Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган. Ал «Сен жөнүндө поэма», «Чарчоонун жүзүнчү ыры» чыгармаларынын, «Улуу дайра», «Аралдар арасында», «Мухитке жол» китептеринин автору. Султанов — кыргыз адабиятындагы өзгөчө акын. Ал өткөн кылымдын 60-жылдарында салттуу ырды чанбай, салттуу кыргыз ырын эң мыкты өздөштүрүп туруп эле кыргыз поэзиясы үчүн жаңылык болгон эркин ырды да мыкты жазууга болорун көрсөткөн.

Улуттук кино өнөрүндө да анын салымы бар. «Кыргызфильм» киностудиясында ал жазган адабий текстке негизделип «Ак куулар конгон айдың көл» аттуу көркөм тасма жана «Төкмө», «Жазуучу» деген даректүү фильмдер тартылган», — деп билдирет министрлик

Омор Султанов узакка созулган оорудан улам 2022-жылдын апрель айында 87 жаш курагында дүйнө салган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>