Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Жалал-Абадда бетон заводу курулат
13.08.2023 | 12:26
Жалал-Абад шаарында асфальт-бетон чыгаруучу завод курулуп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Белгиленгендей, учурда заводдун орду даярдалып, жабдыктары алынып келинди. Асфальт-бетон заводунун жанына атайын таш талкалоочу жабдык да орнотулат. Завод ушул жылдын сентябрь айында ишке киргизилет.
“Завод мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулууда. Ага 53 млн 700 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал ишке кирсе, 20дай адам жумуш менен камсыз болот”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилеп кетсек, Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жол башкармалыгынын асфальт-бетон заводунун эскилиги жетип, жолдорго асфальт төшөө, тротуар куруу жана жамап-жасоо иштеринде бир топ түйшүк жаралып келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом