Жапаров саясатчыларды жакшы иштерден да кемчилик издебөөгө чакырдыОшто медициналык колледждин бюджеттик бөлүмүнө өткөрүү үчүн пара алуу фактысы аныкталдыЖК президенттик шайлоонун датасын январдын төртүнчү шаршембисине жылдырууну жактырдыСадыр Жапаров: Жалган маалымат тараткандардын башынан сылап отурбайбызЖапаров: Жалган маалымат тараткандардын башынан сылап отурбайбызСадыр Жапаров коррупция тууралуу билдирүүгө чакырды: Мен силер тарапта болом
Жалал-Абадда бетон заводу курулат
13.08.2023 | 12:26
Жалал-Абад шаарында асфальт-бетон чыгаруучу завод курулуп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Белгиленгендей, учурда заводдун орду даярдалып, жабдыктары алынып келинди. Асфальт-бетон заводунун жанына атайын таш талкалоочу жабдык да орнотулат. Завод ушул жылдын сентябрь айында ишке киргизилет.
“Завод мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулууда. Ага 53 млн 700 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал ишке кирсе, 20дай адам жумуш менен камсыз болот”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилеп кетсек, Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жол башкармалыгынын асфальт-бетон заводунун эскилиги жетип, жолдорго асфальт төшөө, тротуар куруу жана жамап-жасоо иштеринде бир топ түйшүк жаралып келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом