Садыр Жапаров бүгүн Москвада Владимир Путин менен жолугушатКуткаруучулар апрелдин башында БЧКга кулап кеткен кишинин сөөгүн табыштыКыргызстан менен Кытай жогорку технологиялык өндүрүштөрдү ишке киргизүү жана инженерлерди окутуу боюнча макулдаштыКыргызстан түштүк кореялык LNC Elecom менен жогорку технологиялар жаатында кызматташатКыргызстанда эт төрт айдын ичинде орточо эсеп менен 6%га кымбаттадыЭльвира Сурабалдиева Кыргызстанга деңиз кодекси эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү
Бишкекте көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду
16.08.2023 | 21:34
Борбор калаада көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаары боюнча архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы 27-линия көчөсү, 28б дарегиндеги тиешелүү уруксат кагазы жок көп кабаттуу үйдүн курулушун аныктап, курулуш иштерин токтотту.
«Курулуш токтотулду жана курулушка уруксат берүү документтерин көрсөтүү талабы менен «Алим Капитал» ЖЧКсынын өкүлүнө эскертүү берилди. Эскертүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө уруксат документтери берилбесе, материалдарды сот органдарына өткөрүп берүү менен айып салынат», – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом