Караколдо аялды бычактап өлтүрүүгө шектүү эки айга камалды

Караколдо аялды бычактап өлтүрүүгө шектүү эки айга камалды

Каракол шаарында 67 жаштагы аялды бычактап өлтүрүүгө шектүү эки айга камакка алынды. Мындай чечим шаардык сот 15-августта кабыл алганын Ысык-Көл облустук сотунан маалымдашты.

Буга чейин облустук милиция маалымдагандай, адам өлтүрүүгө шектүү делип, Ак-Суу районунун тургуну кармалган.

13-август күнү милицияга тез жардам кызматынан бычакталган аялдын сөөгү өзү жашаган үйдө табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барып, ашкана бычагы сайылган бойдон жаткан аялдын сөөгү табылган. Маркум Каракол шаарынын 67 жаштагы тургуну болгон.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Ак-Суу районунун 59 жаштагы О.А. аттуу тургуну кармалган. Алдын ала суракта, шектүү жасаган кылмышын мойнуна алган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

«Каракол шаардык милициясынын тергөө кызматы жасалган кылмыштын себептерин жана жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө», — деп билдиришкен облустук милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>