Бишкекте бир катар компанияларга 162 миң сом айып салынды. Тизме
Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар аныкталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2 күн ичинде мэриянын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан 162 миң 500 сом өлчөмүндө айыппул салынган.
Эрежелерди бузгандардын тизмеси:
– «Роял Констракшн» ЖЧКсына 115-берененин 2-бөлүгү боюнча курулуш таштандыларын белгисиз жайларга чыгаруу үчүн 23 миң сом өлчөмүндө;
– «Гефест Билдинг» ЖЧКсы чектеш аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн 114-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;
– “Сосед” турак жай ээлеринин шериктештиги көп батирлүү турак жайлардын санитардык жактан тейлөө эрежелерин бузгандыгы үчүн 110-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;
– “Страна Чудес” ТЖЭШ көп батирлүү турак жайларын санитардык жактан тейлөө эрежелерин бузгандыгы үчүн 110-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;
– чектеш аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн «Би-Джей Би» ЖЧКсына 114-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;
– Жанаша жайгашкан аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн «Учур» мектепке чейинки билим берүү мекемесине 13 миң сом өлчөмүндө;
– «Бишкек петролеум» АК жанаша жайгашкан аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн 114-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;
– Баратова Р. 114-беренеси жана 115-беренесинин 2-бөлүмү боюнча курулуш таштандыларын аныкталбаган жерлерге чыгаргандыгы үчүн 2 протокол түзүлүп, 10 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул төлөйт;
– Эсеналиев А.О. 115-беренесинин 2-бөлүгү боюнча курулуш таштандыларын белгисиз жайларга чыгаргандыгы үчүн 7 миң 500 сом өлчөмүндө;
– Жунушов Д., 115-беренесинин 2-бөлүгү менен курулуш таштандыларын белгисиз жайларга чыгаргандыгы үчүн 7 миң 500 сом өлчөмүндө;
– Сыргабаев И.114-берене боюнча чектеш аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн 30 миң сом өлчөмүндө;
– Чоюнов У.М. 114-ерене боюнча жанаша жайгашкан аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн 3 миң сом өлчөмүндө;
– М.Сайдахматовдон 115-беренесинин 2-бөлүгү боюнча өндүрүш калдыктарын аныкталбаган жерлерге чыгаргандыгы үчүн 7 миң 500 сом өлчөмүндө;
– Асанов Г.Т. 179-беренесинин 2-бөлүгү боюнча уруксаат кагаздары жок казуу үчүн 5 миң 500 сом өлчөмүндө;
– Сатишова И.А. (тигүү цехи) таштанды чыгаруучу мекеме менен келишим түзбөгөндүгү үчүн 114-берене боюнча 3 миң сом өлчөмүндө;
– Осмонали уулу И. 177-берененин 1-бөлүгү менен жол курулушуна келтирилген зыян үчүн 5 миң 500 сом өлчөмүндө;
– Акматалиев К.К. 114-берене боюнча жанаша жайгашкан аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн 3 миң сом өлчөмүндө;
– Ш.Болода 115-берененин 1-бөлүгү менен катуу тиричилик калдыктарын аныкталбаган жайларга чыгаргандыгы үчүн 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул төлөт;
Инспекция көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталганда мыйзам бузуучулар күнөөсүн мойнуна алган-мойнуна албаганына карабастан жеринде протоколдор түзүлөрүн эскертет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз