Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Бишкекте мекендешин алдап кеткен пакистандык кармалды
24.08.2023 | 09:25
Бишкекте мекендешин алдап кеткен Пакистандын жараны кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 8-августта милицияга Пакистандын жараны кайрылган. Ал арызында билдиргендей, А. аттуу мекендеши иш визасын алып берүүнү убадалап, Кыргызстанга чакырып, Бишкектен 4 миң доллар алып, алдап кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 33 жаштагы М.А. аттуу Пакистандын жараны кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз