Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Айтматовдун 95 жылдыгына карата эл аралык кинофестиваль өткөрүлөт
24.08.2023 | 09:52
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 17-21-ноябрь күндөрү Бишкек эл аралык кинофестивалын өткөрөт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Кинофестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгына арналып өткөрүлөт.
Кинофестивалдын программасы:
- Эл аралык кино сынагы;
- Улуттук кино сынагы;
- Атайын көрсөтүүлөр;
- Кинодолбоорлор питчинги өтөт.
Фестивалдын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылат.
“Сыйлыктардын арасында Чыңгыз Айтматов атындагы “Дүйнөлүк киноискусствого кошкон салымы үчүн” сыйлыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыгы, Эл аралык киносынчылык сынагынын мыкты тасмасы үчүн калыстар тобунун сыйлыгы (ФИПРЕССИ), NETPAC Калыстар тобунун байгеси, Кыргызстандын Кинематографисттер бирикмесинин сыйлыктары тапшырылмакчы”, – деп билдирет министрлик.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз