Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Нарындагы Ак-Улак көмүр кени иштетиле баштайт
25.08.2023 | 09:05
Нарындын Жумгал районунун Миң-Куш аймагында жайгашкан Ак-Улак көмүр кени иштетиле баштайт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, көмүр кени «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштетилет. Ал үчүн инвестиция тартылары күтүлүүдө.
Аталган маселе боюнча 23-августта облус башчысы Алтынбек Эргешовдун, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жана “Кыргызкөмүр” ишканасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда сүйлөшүүлөр болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз